Akchabarsearch
Араванда болгар калемпири бышып, сатыкка чыкты

Жарыяланган

2026-30-04, 17:20

Араванда болгар калемпири бышып, сатыкка чыкты

Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл өкмөтүндө "Феррари" сортундагы болгар калемпири бышып, сатыкка чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Болгар калемпиринин бул сорту 120 күндө быша тургандыгы менен башка сорттордон айырмаланат.

Эске салсак, Араван районунда башка аймактарга караганда жаз эртерээк келип, айдоо иштери эрте башталат. 

Буга чейин Араванда картошка, капуста бышып экспортко жана ички базарга сатыкка чыккан. 
 


Тектеш материалды окуу