
Жарыяланган
2026-30-04, 15:50Кыргызстанда Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, анын милдети президенттин Иш башкармалыгына жүктөлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкта айтылгандай, өлкөдө заманбап санарип технологиялар киргизилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагында алгылыктуу иштер аткарылды.
Ошол эле учурда бизнес үчүн бюрократиялык жол-жоболор баягыдай эле тоскоолдук жаратып келет. Санариптештирүү өз милдетин аткара албай жатат. Санарип өкмөт ишинде, айрыкча жер-жерлерде кызмат көрсөтүү аксап жатканын көрүүгө болот.
Ага байланыштуу санарип багытындагы өнүгүүнү тездетүү үчүн бир нече чечим кабыл алынган:
Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайра уюштурулуп, президенттин Иш башкармалыгына каратылат.
Президенттин Иш башкармалыгы санариптештирүү жана санариптик башкаруу багытында мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, аны ишке ашырат.



