
Жарыяланган
2026-30-04, 15:30Талас облусунда Президенттин «Жашыл мурас» улуттук демилгесинин алкагында ири жашылдандыруу долбоору ишке ашууда. Талас районундагы Чоң-Кошой өзөнүндө 100 гектар аянтка 88 миң көчөт отургузуу иши башталып, аймак бара-бара жашыл токойго айланууда.
Бул демилгеге «Альянс Алтын» компаниясы да кошулуп, демөөрчү катары 1 миллион 600 миң сом колдоо көрсөттү. Каражат техникаларды күйүүчү май менен камсыздоого жана башка зарыл чыгымдарды жабууга багытталды.
Долбоорду ишке ашыруу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, анын карамагындагы Токой чарбачылыгы, ошондой эле КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан жүргүзүлүүдө. Токой кызматы 2,5 миллион сом бөлсө, Айыл чарба министрлиги тарабынан 8 миллион 800 миң сом каралган. Бул каражаттар көчөт отургузууга, аймакты тосууга жана сугат системасын уюштурууга жумшалууда.
«Жашыл мурас» демилгеси аймактын экологиясын жакшыртууга гана эмес, келечек муун үчүн жашыл жана таза чөйрө түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» компаниясы бул акция башталган жылдан тартып активдүү катышып келет. Мурда компания тарабынан «Талас токоюн тазалоо» сыяктуу масштабдуу ишембиликтер жана Жерүй кенинин аймагын жана ага жакын жайгашкан айыл аймактарды жашылдандыруу боюнча демилгелер ишке ашырылган.



