
Жарыяланган
2026-10-04, 14:04Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эң чоң кадр тартыштыгы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана курулуш тармактарында байкалууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын чыңдоо» долбоорунун алкагында сунушталган жаштардын эмгек рыногу боюнча изилдөөдө айтылат.
Билим берүү тармагында мугалимдер, мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары, ошондой эле так илимдер боюнча математика, физика, химия жана астрономия сабактарынын окутуучулары талап кылынууда.
Саламаттыкты сактоо тармагында, айрыкча аймактарда, дарыгерлердин, анын ичинде стоматологдор менен гинекологдордун жетишсиздиги сакталууда.
Курулуш тармагында болсо заманбап стандарттарды, экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды билген адистерге суроо-талап өсүүдө.
Ошондой эле баштапкы кесиптик билимге ээ болгон адистерге суроо-талап жогору бойдон калууда. Эмгек рыногунун жалпы муктаждыгынын 43,3%ы дал ушул адистерге туура келет. Эң көп талап кылынган кесиптердин катарына тигүүчүлөр, ашпозчулар, официанттар, электр-газ менен ширетүүчүлөр жана айдоочулар кирет.
Орто кесиптик билимге ээ болгон адистерге болгон муктаждык 30,1%ды түзөт. Бул категорияда техник-программисттер, бухгалтерлер, технологдор жана электриктер эң көп талап кылынууда.
Акыркы жылдардагы өзүнчө бир тенденция — кесиптик билим берүү системасында азырынча толук чагылдырылбаган жаңы кесиптердин пайда болушу. Алардын катарына SMM-адистер, контент-мейкерлер, таргетологдор, баристалар, барберлер жана башкалар кирет.
Бул кесиптердин көбүн кыска убакытта өздөштүрүп, эмгек рыногуна тез чыгууга болот. Дал ушул максатты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ишке ашырып жаткан «Жаштар стажировкасы» программасы көздөйт. Ал 16 жаштан 35 жашка чейинки кыргызстандыктарга акысыз кыска мөөнөттүү окуудан өтүп, ишканада алгачкы эмгек тажрыйбасын алууга мүмкүнчүлүк берет. Программа өлкөнүн 30 пилоттук шаарында жана районунда иштеп жатат.
Стажёрлорду тартууну каалаган иш берүүчүлөр төмөнкү шилтеме аркылуу арыз бере алышат: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSd8meHVll2Jdi-_mBFnD2d0yckOrnSzQCAHIsICZ1O8T8E_0Q/viewform?usp=header
Стажировкадан өтүп, алгачкы иш тажрыйбасын алууну каалаган жаштар бул жерден каттала алышат: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSd1TDD4sw3fCfbQX2kUc8-O6VJwuJibJQgBDGL2mmMfribh0w/viewform?usp=header



