Akchabarsearch
    Араванда кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер буздурулууда

    Жарыяланган

    2025-15-08, 14:56

    Араванда кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер буздурулууда

    Ош облусунун Араван районунда кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

    Министрликтин Шаар куруу жана архитектура департаментинин райондук башкармалыгы тарабынан рейддик иш-чаралар уюштурулган. 

    Рейд учурунда "Ош 3000" көчөсүндөгү кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар аныкталып, жергиликтүү тургандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аталган объектилер буздурулууда. 


    Тектеш материалды окуу