Akchabarsearch
Автобустардын жолу менен белгилүү убактарда гана жүргөнгө уруксат берилет

Жарыяланган

2026-10-09, 15:02

Автобустардын жолу менен белгилүү убактарда гана жүргөнгө уруксат берилет

Бишкек шаарында автобустар үчүн бөлүнүп берилген жол тилкелеринде калган айдоочулар график боюнча жана дем алыш күндөрү жүрө алышат. Мындай чечим мэриянын жолдор боюнча штабында, мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды.

Шаар бийлиги билдиргендей, автобустардын жолунда калган айдоочулар иш күндөрү кечки саат 20:00дон эртең мененки саат 08:00го чейин жана алтынчы-базар күндөрү жүргөнгө уруксат берилет. 

Ал эми иш күндөрү саат 08:00дон 20:00го чейин автобустун жолу менен жүрүүгө тыюу салынат.

Аталган чечим жол кыймылын уюштуруу схемаларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, жол белгилери орнотулгандан кийин күчүнө кирет.


Тектеш материалды окуу