Akchabarsearch
Жер жаңгактын импорту көбөйдү

Жарыяланган

2026-10-09, 15:59

Жер жаңгактын импорту көбөйдү

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 142.5 млн сомго жер жаңгак импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Быйыл жарым жылда өлкөгө 2335 тонна жер жаңгак ташып келинген. Анын көбү Өзбекстан (1418.4 тонна) менен Кытайдан (901.2 тонна) импорттолгон. Дагы Тажикстан, Түркмөнстан жана Россиядан баары биригип 15.4 тонна сатып келинген.

2025-жылдын алты айына караганда быйылкысында импорт 936.4 тоннага көбөйгөн. Быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанга 1398.6 тонна жер жаңгак импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу