akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-18-03, 13:32

    Мамлекеттик салык кызматына жаңы орун басар дайындалды

    Азат Алманбетов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

    Бүгүн Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары ведомствонун жамаатына тааныштырылды.

    Алманбетов буга чейин Салык кызматынын борбордук аппаратында фискалдаштырууну ишке киргизүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.


    Тектеш материалды окуу