Жарыяланган
2025-27-03, 11:36Былтыр Кыргызстанда лизингдик ишмердүүлүк менен 22 компания алектенип, алар 3,7 миң келишим түзгөн. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 24%га көп. Бардык операциялар финансылык лизинг шарттарында аткарылган.
Келишимдердин саны көбөйгөнүнө карабастан, алардын жалпы суммасы 6,6 млрд сомду түзүп, 2023-жылдагы деңгээлден 208 млн сомго төмөн болгон. Финансылык лизингдин негизги бөлүгү (3 млрд сом, же 45,5%) транспорт каражаттарын сатып алууга туура келген.
Айыл чарба техникалары, жабдуулары жана механизмдери үчүн лизинг келишиминин үлүшү 2023-жылдагы 23%дан 2024-жылы 26%га чейин өстү. Ошол эле учурда курулуш жана жол техникасына кызыгуу төмөндөдү: лизингдин жалпы көлөмүндө анын үлүшү 24 пайыздык пунктка кыскарды.