
Жарыяланган
2026-16-04, 17:34Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда “Бай-Талаа” логистикалык борборунун курулушу аяктоо алдында турат. Бул борбор айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү жана экспорттоо үчүн колдонулат.
Долбоор агробизнес жана логистика тармагында иш алып барган Өзбекстандын BMB Holding компаниясына сунушталды. Компания кызыгуу билдирип, кызматташууну улантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.
Ошондой эле Өзбекстандын тармактык түзүмдөрүнүн жана ишкерлеринин өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп, анда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, чийки зат жеткирүү жана өндүрүштү өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлор талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар диалогду улантуу боюнча макулдашышты. Бул долбоор Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы сооданы кеңейтүү жана агрардык секторго инвестиция тартуу үчүн аянтча катары каралууда.
