Жарыяланган
2026-05-03, 18:00Араванда 600 тонналык айыл чарба продукциясын сактоочу борбор иштеп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Министр Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Ачы айылындагы “Азиз-Ата” ЖЧКсы тарабынан курулган айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аталган объект 2,42 гектар муниципалдык жер аянтына курулуп, анын жалпы сметалык баасы 21 млн сомду түзөт. Борбордун сактоо сыйымдуулугу 600 тоннаны түзүп, дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукцияларын сактоого багытталган.
Учурда логистикалык борбордо жергиликтүү дыйкандар өндүргөн өрүк жана сабиз сакталууда. Бул борбор айыл чарба продукцияларын узак мөөнөткө сапатын жоготпой сактоого жана рынокко туруктуу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан тышкары, ишкана Түркия жана башка мамлекеттер менен келишимдердин негизинде кызматташып, айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруу багытында да иш алып барууда.
