
Жарыяланган
2026-01-04, 17:05Араван районундагы Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө – Коргон авто жолунун 8,5 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө иштери башталууга даярдалууда. Учурда жолдо жер иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2 чакырым тилке асфальт төшөөгө даяр абалга келтирилди. Жакынкы күндөрү негизги асфальттоо иштери башталат.
Бул жол аркылуу район борборуна алты айылдын тургундары каттайт. Жол оңдолгондон кийин каттам жеңилдеп, коопсуздук дагы жогорулайт.


