
Жарыяланган
2026-09-03, 14:47Араван районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы мурдагы пахта заводунун имараттарын текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинене билдиришти.
Текшерүү имараттардын техникалык абалын баалоо үчүн жүргүзүлдү. Адистер объекттин документтерин карап чыгып, конструкцияларын изилдешти. Ошондой эле мүмкүн болгон кемчиликтерге талдоо жүргүзүштү.
Маалыматка ылайык, аймактын жалпы аянты 10,84 гектарды түзөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында адистер техникалык корутунду даярдайт. Ошондой эле имараттарды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар берилет.


