
Жарыяланган
2026-30-01, 17:09Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов азырынча мамлекет 12 жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул төлөп бере албай турганын билдирди.
Байсаловдун айтымында, социалдыкка жакка (мектеп, медицина, жөлөкпул ж.б.) жумшалган акча – адамдык капиталга жасалган инвестиция. Өкмөт аны жөн эле чыгым деп эсептебейт. Балага жумшалган ар бир сом кийин жүз миң доллар болуп кайтып келет.
Ал билдиргендей, үч жашка чейинки мезгил бала үчүн акыл-эс, физикалык жактан калыптанган учур болот. Азыр президенттин администрациясында чече турган көптөгөн көйгөйлөр турганда, алар жок дегенде 3 жашка чейинки балдарга көңүл бурууну максат кылып жатышат. Бул биринчи кадам болот. Ал боюнча азыр өкмөт иш алып барууда.
“Бизди балдардын жакырчылыкта, өтө кедейчиликте жашап жатканы ойлондурат. Бирок, айрыкча, бала калыптанып жатканда, 3 жашка чейинки балдардын жетиштүү тамактанбай, жетиштүү камкордукка алынбай жатканы тынчсыздандырат. Дүйнөлүк тажрыйба боюнча, адам аталган куракта жетиштүү тамактанбаса, кийин ага айына 100 миң сом жөлөкпул берилсе да ал ага акыл-эс, физикалык жактан өсүшүнө да жардам бербейт”, - дейт.
Байсалов бай-кедей үй-бүлөдө жашаганына карабай 12 жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул берүү боюнча депутаттардын демилгеси тууралуу кабары бар экенин айтып, бирок азырынча мамлекет аны төлөй албай турганын билдирди. Бирок ал жөлөкпул берүүдө “үй-бүлөдө унаа же башка мүлкү бар” деп жөлөкпул төлөбөй койгон тоскоолдуктарды алып салууну кароого даяр экенин айтты.
Эскерте кетсек, депутаттар өлкөдөгү 12 жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул берүүнү демилгелешкен. Алар даярдаган мыйзам долбооруна ылайык, жөлөкпулду кедей гана эмес, колунда бар үй-бүлөлөрдөгү 12 жашка чейинки балдарга берүү каралган. 12 жаштан кийин жөлөкпулду колунда жок үй-бүлөлөрдөгү балдарга 16 жашка чыкканга чейин төлөө сунушталган. Бул мыйзам долбоору азырынча коомдук талкууда турат.



