
Жарыяланган
2026-30-01, 17:00Былтыр Бишкек шаарына 19 миң көчөт отургузулган. Ал эми быйыл борбордо болжол менен 50 миң көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Мэр Айбек Жунушалиев Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушууда шаардагы жашылдандыруу жана экологиялык долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Алар эко-технологиялык завод куруу, аба сапатын жакшыртуу жана «Жашыл шаарлар» программасына катышуу маселелерин талкуулашты.
ЕРӨБ өкүлдөрү Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планына ылайык долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтөрүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экенин ырасташты.


