Akchabarsearch
Ош шаарында миң көчөт отургузулду

Жарыяланган

2026-15-04, 14:16

Ош шаарында миң көчөт отургузулду

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин катышуусунда Курманжан Датка көчөсүнө 1000 көчөт отургузулду. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Анын алкагында липа жана рябина дарактары отургузулуп, көчөнүн экологиялык абалын жакшыртуу, абаны тазалоо жана шаарга көрк берүү максаты көздөлдү.

Мындай демилгелер шаар аймагында жашыл зоналарды көбөйтүүгө, жарандар үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
 


Тектеш материалды окуу