akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-01-03, 13:30

    Бишкектин Айтматов проспектине жаңы көчөттөр ушул айда отургузулат

    Бишкектин Айтматов проспектиндеги кыйылган дарактардын ордуна жаңы, жаш көчөттөр отургузулат. Вице-мэр Рамиз Алиев билдиргендей, көчөт отургузуу ушул айда башталат.

    Жалпысынан ордо калаага 12 миң жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарак тигилет.

    Мындан тышкары "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында Бишкекке дагы 2 миң түп дарак отургузулат.

     


    Тектеш материалды окуу