
Жарыяланган
2025-18-11, 16:47Айыл чарба министрлиги 2026-жылдын 1-январынан баштап алты айга чейин айрым мөмө-жемиш көчөттөрүн Кыргызстанга алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизүүнү пландоодо.
Маалыматка караганда, өлкөдө мөмө-жемиш сорттору көбөйүп кеткендиктен, сапаттуу жана экспорттук талаптарга жооп берген көчөттөрдү өнүктүрүү зарылдыгы жаралууда.
Чектөө реэкспортко, транзитке жана ЕАЭБдин ички соодасына тиешелүү эмес.
Бул чара импортко көз карандылыкты азайтып, ата-мекендик питомниктердин сапаттуу көчөттөрүн өндүрүүгө түрткү берип, дыйкандарга сапаттуу көчөттөрдү табууну жеңилдетет.



