
Жарыяланган
2026-30-03, 10:0629-мартта Баткен облусундагы «Ак-Тилек автожолу» фитосанитардык көзөмөл постунда Казакстандан импорттолгон 25 тонна пияз продукциясы текшерүүдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жүктүн таңгагында талапка ылайык маркировкасы жок экени аныкталган. Тийиштүү эрежелерге ылайык, ар бир таңгакта продукциянын аталышы, чыккан өлкө, экспорттоочу же реэкспорттоочу өлкө тууралуу маалымат көрсөтүлүшү керек.
Бул талаптар Евразия экономикалык биримдигинин карантиндик фитосанитардык нормалары менен жөнгө салынат. Аталган талаптардын бузулушуна байланыштуу жүк өлкө аймагына киргизилген жок.
Натыйжада, 25 тонна пияз кайра импорттоочу өлкөгө кайтарылды.



