Akchabarsearch
Өлкөгө Өзбекстандан келген 82 миңден ашык даана көчөт артка кайтарылды

Жарыяланган

2026-17-03, 09:47

Өлкөгө Өзбекстандан келген 82 миңден ашык даана көчөт артка кайтарылды

“Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82 миң 830 даана көчөттөрдүн таңгагында маркировка жок экендиги аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана реэкспортер өлкө жөнүндө маалыматтарды камтыган маркировкасы болушу керек.

Карантин алдындагы жүктү маркировкасыз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат, ошого байланыштуу бул жүк импортер өлкөгө кайра кайтарылды.


Тектеш материалды окуу