Akchabarsearch
Кыргызстанга Кытайдан эки айда 74.4 млн долларга электро машиналар жана жабдуулар импорттолду

Жарыяланган

2026-05-05, 16:08

Кыргызстанга Кытайдан эки айда 74.4 млн долларга электро машиналар жана жабдуулар импорттолду

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстанга  Кытайдан 74.4 млн долларга электро машиналар жана жабдуулар импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Ошондой эле Кытайдан 5.5 млн долларга кийим жана кийимге тиешелүү буюмдар жана 3.2 млн долларга бут кийимдер алып келинген.

Ал эми, Россиядан 117.9 млн долларга мунай заттары, мындан тышкары 7.5 млн долларга күн карама майы, жана 2.7 млн долларга жер семирткичтер сатып алынган.

Казакстандан негизинен минералдык жана газдалган суусундуктар 8.4 млн доллар, буудай 7.4 млн доллар, буудай уну 6.2 млн доллар жана цемент 1.5 млн доллар көлөмүндө импорттолгон.

Ал эми Түркиядан кийим-кече 2.3 млн долларга, пластмасса буюмдары 1.5 млн доллар, парфюмериялык жана тазалоочу каражаттар 1.4 млн доллар, ошондой эле эмерек жана анын тетиктери 1.1 млн долларга алып келинген.

Өзбекстандан болсо негизинен азык-түлүк продукциялары импорттолуп, жашылчалар 4.1 млн долларды, кийим-кече 2 млн долларды, мөмө-жемиштер жана жаңгактар 1.3 млн долларды түзгөн. 

Жалпысынан бул өлкөлөр Кыргызстан үчүн негизги импорттук багыттар бойдон калууда.

 


Тектеш материалды окуу