
Жарыяланган
2026-06-07, 10:39Кыргызстанда 3 жашка чейинки балдарга берилүүчү "Бала ырысы" жөлөкпулуна үйдөн чыкпай эле «Түндүк» тиркемеси аркылуу тапшырууга болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, алгач колдонуучу "Түндүк" тиркемесине кирип, идентификациядан өтүшү керек. Андан соң "Кызматтар" бөлүмүнөн "Социалдык төлөмдөрдү", андан кийин "Бала ырысы" кызматын тандайт.
Андан соң кызмат көрсөтүүнүн шарттары менен таанышып, жеке маалыматтарды текшерүүгө макулдук берүү зарыл. Кийинки этапта паспорттун сериясы жана номери киргизилет. Калган маалыматтарды система автоматтык түрдө толтурат. Андан соң "Арыз таштоо" баскычы тандалып, коопсуздук коду киргизилгенден кийин арыз жөнөтүлөт.
Министрлик белгилегендей, айрым жарандар жөлөкпулдун өлчөмү аз экенин айтышы мүмкүн. Бирок аз болсо да мындай колдоонун болушу өлкөдөгү социалдык жардам системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.


