
Жарыяланган
2026-10-02, 11:39Кыргызстанда үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул берүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Бул жөлөкпул үч жашка чейинки балдардын баарына, колунда бар же колунда жок үй-бүлөдө жашаганына карабай берилет деп пландалууда. Учурда бул жөлөкпулду ала турган балдардын саны, жөлөкпул канча сом болору, бюджеттен канча акча кетери такталып-эсептелүүдө. Азырынча аталган жөлөкпул качан бериле баштай турганы белгилүү боло элек. Бирок болжол менен быйыл жыл аягынан же келерки жылдан тарта берилиши мүмкүн.
Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар өлкөдөгү 12 жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул берүүнү демилгелешкен.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов азырынча мамлекет 12 жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул төлөй албай турганын айткан. Ошол эле учурда ал үч жашка чейинки мезгил бала үчүн акыл-эс, физикалык жактан калыптанган учур экенин айтып, өкмөт үч жашка чейинки балдарга көңүл бурууну максат кылып жатышканын билдирген.

