
Жарыяланган
2026-08-06, 16:57Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун 126–134 чакырым аралыгында реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун оң тарабындагы 126-134-чакырымга чейинки тилкеде биринчи катмардагы асфальт-бетон төшөө иштери толук аяктады. Ал эми сол тарабында 126-127+500-чакырымга чейинки аралыкка асфальт төшөлдү.
Мындан сырткары, 126-131-чакырымга чейинки бөлүктө жолдун негизин даярдоо иштери аткарылып, учурда праймкодго даярдык көрүлүүдө.
Долбоордун алкагында жолдун инженердик курулмаларын куруу иштери да жүрүп жатат. Тактап айтканда, 140+224-чакырымында (Каракол багыты боюнча №2 участокто) оң жана сол тараптагы арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери бүттү.
Учурда аталган тилкеде тирөөч курулмаларынын негизги бөлүгүн бетондоо, 135+275-чакырымында оң тарапка арматураланган темир-бетон тирөөч дубалдарын бетондоо иштери жүрүүдө.

