Akchabarsearch
“Балыкчы-Каракол” жолунун курулуш иштери текшерилди

Жарыяланган

2026-23-02, 15:14

“Балыкчы-Каракол” жолунун курулуш иштери текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев “Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол” автожолун реконструкциялоо долбоорунун негизинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолдун 87–140-чакырым аралыгындагы тилкелеринде, анын ичинде көпүрөлөрдө аткарылып жаткан жумуштарды текшерди.

Сапардын жүрүшүндө министр курулуш сезону башталгандан тартып жол иштерин ылдамдатуу, белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, транспорт жана коммуникациялар министри жооптуу кызматкерлерге жол курулушунун сапатына өзгөчө көңүл буруу жана объекттерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча так тапшырмаларды койду. 


Тектеш материалды окуу

  • “Балыкчы-Каракол” жолунун курулуш иштери текшерилди

    Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев “Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол” автожолун реконструкциялоо долбоорунун негизинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
    2026-23-02 09:14:30