Жарыяланган
2025-08-09, 09:53Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн автобекетти кыдырып көрдү. Объект 1970-жылдары курулуп, көп жыл жеке менчикте болуп келген. 2025-жылдын апрелинде мэриянын балансына өтүп, толук реконструкцияланды.
Жаңыланган автобекетте күтүү залы, мейманкана, жатакана жана диспетчердик бөлмө иштейт. Аймагы да толук көрктөндүрүлгөн.
Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашып, бала бакча, мечит жана башка социалдык объектилер боюнча сунуштарын укту.
Шаар мэри Баатырбек Жантаев Президентке шаарды өнүктүрүү боюнча иштер тууралуу маалымат берди. Алардын ичинде кире бериш арканы жаңылоо жана айланма жолдогу тыгындарды жоюу максатында балык базарын көчүрүү планы да айтылды. Бул үчүн заманбап, ыңгайлуу жаңы базар курулмакчы.