
Жарыяланган
2025-04-12, 17:38Таласта автобекетке тиешелүү мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө 1999-жылы шаардын автовокзалына тиешелүү болгон 565 чарчы метр жер тилке, мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 2 млн 697 миң 100 сомдук жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.



