Akchabarsearch
Банктар аралык рынокто долларга болгон суроо-талап эки эседен ашык азайды

Жарыяланган

2026-05-08, 10:54

Банктар аралык рынокто долларга болгон суроо-талап эки эседен ашык азайды

Коммерциялык банктар 4-августта банктар аралык валюта рыногунда 3.55 млн доллар сатып алышты. Бул көрсөткүч бир күн мурдагыга салыштырмалуу 3.8 млн долларга же 51.7%га азайган.

Маалыматка ылайык, 3-августта банктар 7,35 млн доллар сатып алышкан. Ал эми 31-июлда бул көрсөткүч 3 млн долларды түзгөн.

Акыркы үч соода күнүндө бардык валюталык операциялар ошол эле күнү эсептешүү менен жүргүзүлүүдө. Кийинки күндөргө эсептешүү каралган бүтүмдөр катталган эмес.

Соода башталганда да, жабылганда да доллардын курсу өзгөргөн жок — 1 доллар 87.45 сом деңгээлинде калды.


Тектеш материалды окуу