Akchabarsearch
Баткендин Жаңы-Жер айылында 164 млн сомго мектеп курулууда

Жарыяланган

2025-22-10, 13:34

Баткендин Жаңы-Жер айылында 164 млн сомго мектеп курулууда

Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 500 орунга ылайыкташкан мектептин курулуш-монтаждоо иштери 65%га бүттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Анын тендердик баасы 164 млн сомду түзөт.

Объекттин жалпы аянты 3220 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат.

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 2004-жылы пайдаланууга берилген.


Тектеш материалды окуу