Akchabarsearch
Бажы инспектору мамлекетке 5.6 млн сом зыян келтирген деп кармалды

Жарыяланган

2026-12-08, 12:20

Бажы инспектору мамлекетке 5.6 млн сом зыян келтирген деп кармалды

Бажы инспектору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 5 млн 686 миң сом зыян келтирген деп шектелүүдө. Ал камакка алынды.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда, окуя 2026-жылдын июль айында болгон. Инспектор үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарды текшерүүдө анын чыныгы мүнөздөмөлөрүн көрсөтпөстөн, документтердеги маалыматтарга туура келет деген маалыматты актыга киргизген.

Натыйжада мамлекетке 5 млн 686 миң 218 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Бажы инспектору К.у.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.


Тектеш материалды окуу