
Жарыяланган
2026-09-10, 13:04Быйыл 9 айда 138 млрд 993 млн сом бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Бажы кызматына 9 айга 132 млрд 880 млн сом өлчөмүндө план бекитилип берилген.
Салиевдин айтымында, 2026-жылы Бажы кызматына 157 млрд 555 млн сом киреше чогултуу тапшырмасы коюлган. Ал эми жылдын алгачкы 9 айына 132 млрд 880 млн сомдук план бекитилген. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 30%га көп.
Бажы кызматы 9 айда 138 млрд 993 млн сом чогултуп, планды 6 млрд 113 млн сомго ашык аткарган.

