Akchabarsearch
Бензиндин ар бир литринен алынган жыйымдан Жол фондуна 2 млрд сомдон ашык каражат түштү

Жарыяланган

2026-17-02, 16:46

Бензиндин ар бир литринен алынган жыйымдан Жол фондуна 2 млрд сомдон ашык каражат түштү

2025-жылы күйүүчү майдын ар бир литринен алынган жыйымдан Транспорт министрлигинин Жол фондуна 2 млрд 112 млн 157 миң сом түшкөн. Бул тууралуу "Акчабарга" аталган фонддон билдиришти.

Ал эми быйыл январь айында 217 млн 673  миң сом каражат түштү.

Эскерте кетсек,  бул жыйым былтыр 1-январдан тарта алына баштаган. Ал унаа салыгынын ордуна киргизилген.

 


Тектеш материалды окуу