
Жарыяланган
2026-17-02, 15:37Былтыр Транспорт министрлигине алдындагы Жол фондунун кирешеси 12 млрд 658 млн 73 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
2024-жылы фондго 5 млрд 846 млн 849 миң сом каражат түшкөн. Бир жылда киреше 6 млрд 846 млн 223 миң сомго көбөйгөн.
Ал эми бүгүнкү күнгө карата Жол фондуна 1 млрд 144 млн 781 миң сом киреше түштү.

