Akchabarsearch
Бүгүн Бишкектеги 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Жарыяланган

2026-31-03, 09:12

Бүгүн Бишкектеги 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

31-март күнү саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсү
Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки аралык убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул аралыкта,  жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу, бир нече автобусттук каттамдардын кыймыл-чиймеси да убактылуу өзгөртүлөт.

Мэрия шаар тургундарын каттамдарды пландап, альтернативдүу жолдорду пайдаланууга чакырат.


Тектеш материалды окуу