
Жарыяланган
2025-07-02, 09:42Быйыл Бишкекке 15 миң бак отургузуу пландалууда. Бул тууралуу “Зеленстрой” ишканасы билдирди.
Шаарды жашылдандырууга, тактап айтканда, учурдагы бак-дарактарды жана жашыл аймактарды кароого, жаңы көчөттөрдү отургузууга жана гүлзарларга 625 миллион сом бөлүнөт.
Айрыкча ийне жалбырактуу жана жалбырактуу дарактардын жаңы партиясын отургузууга көңүл бурулат.

