Akchabarsearch
Ошто мурда рекультивацияланган көрүстөн аймагы жашылдандырылды

Жарыяланган

2026-24-03, 14:16

Ошто мурда рекультивацияланган көрүстөн аймагы жашылдандырылды

Ош шаарында Э. Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, депутаттар, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана активисттер катышты.

Шаар мэри Ошто жашыл аймактардын жетишсиздиги бар экенин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди.

Ошондой эле мурда бул аймакта мыйзамсыз курулуш аракеттери токтотулганын айтып, аймак мыйзам талаптарына ылайык жашыл зонага айландырылып жатканын кошумчалады.

Министр “Жашыл мурас” программасынын алкагында 2026-жылы өлкө боюнча 9 миллион көчөт отургузуу пландалып жатканын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймакка декоративдүү жана көлөкө берүүчү дарактардын 6 түрүнөн 1300гө жакын көчөт отургузулуп, шаарды көрктөндүрүү жана экологиялык шарттарды жакшыртуу багытындагы иштер аткарылды.


Тектеш материалды окуу