
Жарыяланган
2026-08-10, 12:41Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылы кант кызылчасы 11.8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4.1 миң гектарында түшүм жыйналды. Бул жалпы айдоо аянтынын 34.7%ын түзөт.
Бүгүнкү күндө республика боюнча кант кызылчасын оруп-жыйноо иштери активдүү жүрүүдө.
Салыштырсак, 2025-жылы кант кызылчасы 13.4 миң гектар аянтта өстүрүлүп, жалпы 538.9 миң тонна түшүм алынган. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 401.9 центнерди түзгөн. Быйыл кант кызылчасынын айдоо аянты өткөн жылга салыштырмалуу 11.9%га азайган.
Алдын ала болжолдорго ылайык, быйыл кант кызылчасынын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 600 центнерге чейин жетип, жалпы түшүм 700–710 миң тоннага чейин жетери күтүлүүдө.


