
Жарыяланган
2026-07-01, 18:01Асыл тукум заводу сафлор майын өндүрүү багытында иш алып барууда. Аталган ишкана сафлордон алынган жымыхты малдарга тоют катары колдонуу менен айыл чарба тармагында кошумча баалуулук жаратууну максат кылууда.
Сокулук райондук мамлекеттик өнүктүрүү фонду тарабынан аталган чарбага керектүү жабдыктар алынып берилген.
Адистердин айтымында, 1 гектар сафлордон орточо 1 тонна, туура агротехникалык шартта 5 тонна түшүм алуу мүмкүн.
Сокулук районунун ылдыйкы зонасында 50 миң гектарга жакын айдоо аянттары бар, анын жарымы кайрак жерлер. Буга чейин бул аймактарда буудай жана арпа өстүрүлүп келген, бирок сафлор өстүрүү экономикалык жактан жакшы киреше алып келери белгиленүүдө.
Алдыдагы жылдары айыл чарба жана кайра иштетүү тармагы сафлор айдоо аянттарын кеңейтүүнү пландоодо.


