Akchabarsearch
Быйыл "Кумтөр" компаниясынын кирешеси 124 млрд сомдон ашты

Жарыяланган

2025-29-12, 14:03

Быйыл "Кумтөр" компаниясынын кирешеси 124 млрд сомдон ашты

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун 2025-жылдын 12 айындагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешеси 124 млрд 216 млн сомдон ашты.  Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, компаниянын 2025-жылдагы таза кирешеси 59 млрд 286 млн сомду түздү.

Быйылкы жылдын 12 айында өлкөнүн бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 21,5 млрд сомдон ашык каражат төлөнөт. Ал эми дивиденд түрүндө 13 млрд 48 млн сом которулду. 

2025-жылдын аягына чейин алтын өндүрүүнүн көлөмү 12 тоннадан ашмакчы.


Тектеш материалды окуу