
Жарыяланган
2026-25-02, 09:37Таласта ИИМ кызматкери Түркия жарандарынан акча каражаттарын мыйзамсыз алганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын апрель айында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкери Э.М. түрк жараны Х.К.нын ишенимине кирип, 35 миң 500 долларын ээлеп алганын аныктаган.
“Э.М. өзүнүн кылмыштуу ниетин ишке ашыруу максатында чет өлкөлүк инвестор менен «Паслен» тукумундагы кымбат баалуу чөп өсүмдүктөрүн (уруктарынын 1 кг баасы 3 000 АКШ долларын түзөт) отургузуу жана өстүрүү, андан ары Түркияга экспорттоо боюнча макулдашып, андан соң жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган”, - деп жазылат маалыматта.
2025-жылдын октябрь айында инвестор ИИМге алдамчылык боюнча милиция кызматкерине карата чара көрүү өтүнүчүндө арыз менен кайрылган.
Бирок, чет өлкөлүк инвестордун катышуусунда тиешелүү текшерүү жана тергөө аракеттери жүргүзүлбөстөн, ИИМдин тергөө органдары кызматкердин кызыкчылыгы үчүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышкан.
Быйыл 27-январда Түркия жараны бул факты боюнча УКМКга кайрылган. Андан кийин прокуратура органдары тарабынан мурда каралган материалдар УКМКнын тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.
24-февралда Э.М. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

