Akchabarsearch
Быйыл өлкө боюнча 252 жаңы трансформатор орнотулат

Жарыяланган

2026-09-10, 13:48

Быйыл өлкө боюнча 252 жаңы трансформатор орнотулат

Кыргызстанда 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында 252 жаңы күч трансформатору орнотулат. Бул иштер электр тармактарынын кубаттуулугун жогорулатуу жана калкты электр энергиясы менен туруктуу камсыздоо максатын көздөйт.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бардык трансформаторлор Кыргызстанга жеткирилген. Аларды «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы орнотот.

Жаңы трансформаторлор электр энергиясын керектөө көбөйгөн аймактарга жана эски жабдуулардын ордуна коюлат. Өзгөчө көңүл жаңы конуштарга, турак жайлар көп курулуп жаткан райондорго жана электр тармагына күч келген калктуу конуштарга бурулат.

Министрликтин маалыматына караганда, жаңы жабдуулар электр тармактарындагы жүктү азайтып, кышында электр энергиясын керектөө көбөйгөн учурда кошумча кубаттуулукту камсыздоого жардам берет.

Трансформаторлордун пайдалануу мөөнөтү 25 жылга чейин эсептелген. Бул иштер электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана жаңы керектөөчүлөрдү электр тармагына кошууга шарт түзөт.


Тектеш материалды окуу