Akchabarsearch
Быйыл Нарында 21 трансформатор алмаштырылып, кошумча 6 трансформатор орнотулат

Жарыяланган

2026-04-02, 10:30

Быйыл Нарында 21 трансформатор алмаштырылып, кошумча 6 трансформатор орнотулат

Нарын облусунда быйыл электр тармагын жакшыртуу максатында 21 даана трансформатор алмаштырылып, кошумча 6 даана жаңы трансформатор орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Алмаштыруу иштери Ак-Талаа районунда 1, Ат-Башыда 3, Кочкордо 7, Нарын районунда 7 жана Тогуз-Торо районунда 3 трансформаторду камтыйт.

Ал эми кошумча Ат-Башы районуна 1, Жумгал районуна 2 жана Нарын районуна 3 даана трансформатор орнотулат.

Мындан тышкары, облус боюнча 2 миң 105 даана трансформатор оңдоодон өткөрүлөт.

Эске салсак, Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 2025-жылы облус боюнча жалпы 61 даана трансформатор алмаштырылып, 22 даана кошумча орнотулган. 

Бул иштердин жыйынтыгында электр кубаттуулугу 39 миң 217 кВАга жогорулатылып, ошондой эле 121 даана трансформатор ишкананын балансына өткөрүлгөн.

 


Тектеш материалды окуу