
Жарыяланган
2026-02-03, 14:52Нарын шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин облустагы өкүлчүлүгү үчүн жаңы административдик имараттын курулушу башталды.
Иш-чарага министр Нурдан Орунтаев катышып, аймактагы кызматкерлер менен жолугушту. Анын айтымында, жаңы имарат кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп, курулуш тармагындагы иштерди координациялоону жакшыртат жана жарандарга мамлекеттик кызматтарды жеткирүүнү жеңилдетет.
Буга чейин өкүлчүлүк талапка жооп бербеген тар имаратта иштеп келген. Жаңы имарат үч кабаттуу болуп, заманбап талаптарга ылайык курулат. Жалпы аянты 950 чарчы метрди түзөт.
Курулуш министрликтин бекитилген планына ылайык, ички каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

