Жарыяланган
2025-18-12, 17:58Талас шаарында Жаратылыш министрлигинин облустук башкармалыгынын жаңы административдик имараты салынат. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага Жаратылыш министринин орун басары Бакыт Жусупбеков жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышып, имараттын пайдубалына капсула салынды.
Жаңы административдик комплекс министрликтин бюджетинин эсебинен курулат. Долбоордун болжолдуу баасы 80 миллион сомду түзөт, ал эми имараттын жалпы аянты — 900 чарчы метр.
Имарат пайдаланууга берилгенден кийин кызматкерлер үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
