
Жарыяланган
2026-11-05, 10:35Нарын районундагы Дөбөлү айыл өкмөтү Нарын–Ат-Башы автоунаа жолунун 16 чакырым тилкесине күндөн кубат алган чырактарды орнотууга 14 млн сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Тендердик сунуштар 2026-жылдын 14-майына чейин кабыл алынат.
Долбоор боюнча подрядчыга 20% алдын ала төлөм берилет. Калган каражаттын 40%ы жабдуулар жеткирилгенден кийин, дагы 40%ы жумуш толук бүткөн соң төлөнөт.
Тендерге катышуучулар акыркы эки жылда ушул сыяктуу көлөмдөгү иштерди аткарган тажрыйбасын тастыкташы керек. Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы сумманын кеминде 30%ына барабар каржылык мүмкүнчүлүгү болушу талап кылынат.
Орнотулган жабдууларга 3 жылдык кепилдик берилиши шарт. Контракт банк аркылуу коштолуп, техникалык көзөмөл тендердик комиссия тарабынан жүргүзүлөт.


