Akchabarsearch
Жаңы жыл күнү жарыгыңыз өчүп калса, кимге чалуу керек?

Жарыяланган

2025-31-12, 10:04

Жаңы жыл күнү жарыгыңыз өчүп калса, кимге чалуу керек?

Кыргызстанда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 31-декабрда жана январь айындагы эс алуу күндөрү энергокомпаниялар штаттык режимде иштейт.

Бардык райондук электр тармактарында аварияга чыгуучу бригадалар жана жетекчилер нөөмөттө болушат. Эгерде өчүрүүлөр болсо, аварияны калыбына келтирүү үчүн атайын техника жана жабдуулар даярдалган.

Эгерде электр энергиясы боюнча суроолор болсо, төмөнкү номерлерге чалып кайрылса болот:1209, 105, мобилдик номерлер: 0772 001209, 0556 001209, WhatsApp: 0702 001209

Ошондой эле, ар бир облус боюнча электр тармактар ишканаларынын жетекчилеринин байланышы төмөнкүдөй:

•    Бишкек: Азамат Паизов +996 772 121 720
•    Чүй: Жолдошбек Доктурбай уулу +996 555 772 442
•    Баткен: Нурлан Мамадалиев +996 770 091 009
•    Ош: Тилек Жолдубай уулу +996 703 778 818
•    Жалал-Абад: Сүйүнбек Усенов +996 770 570 704
•    Ысык-Көл: Болот Шадыканов +996 702 021 816
•    Нарын: Тилек Балкыбеков +996 778 318 537
•    Талас: Акылбек Султанов +996 504 330 505
 


Тектеш материалды окуу