Akchabarsearch
Нарында курулуш компанияга 200 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-26-05, 13:37

Нарында курулуш компанияга 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Кочкор районундагы ичүүчү таза суу тутумун куруу объектисинде мыйзам бузуу фактысын аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор айылындагы курулушта техникалык талаптар, курулуш ченемдери жана коопсуздук эрежелери толук сакталбаганы белгилүү болду. Бул кемчиликтер иштин сапатына жана коопсуздукка терс таасир тийгизиши мүмкүн экени айтылды.

Натыйжада объектти куруп жаткан “Метаг Иншаат Тиджарет Аноним Ширкети” ЖЧКсына Бузуулар жөнүндө кодекстин 144-беренесине ылайык 200 миң сом айып салынды.

Ошондой эле компанияга аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча расмий көрсөтмөлөр берилди.
 


Тектеш материалды окуу