
Жарыяланган
2026-03-07, 16:21Нарын облусунун Учкун айылында таза суу системасын куруу учурунда курулуш талаптарынын бузулганы аныкталып, подрядчы компанияга 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын аймактык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө курулушта техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптары толук сакталбаганы белгилүү болгон.
Анын негизинде «Профит Экспресс» ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ылайык 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Министрлик курулуш иштерин жүргүзгөн бардык компанияларды мыйзамдардын, курулуш ченемдеринин жана техникалык талаптардын талаптарын так сактоого чакырды.



