
Жарыяланган
2026-04-08, 10:48Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтка эл аралык деңгээлдеги заманбап спорт комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоордо 275 орундуу спорт интернаты, эл аралык талаптарга жооп берген көп багыттуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана куруу каралган.
Учурда жер казуу иштери аяктап, пайдубал курууга даярдык көрүлүүдө.
Жаңы комплекс спортчуларды даярдоого, машыгууларды өткөрүүгө жана эл аралык мелдештерди уюштурууга шарт түзөт.
Курулуш иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы көзөмөлдөөдө.



