Akchabarsearch
Ысык-Көлдө студенттердин окуу акысы өнүктүрүү фондунун эсебинен төлөнөт

Жарыяланган

2026-13-11, 17:44

Ысык-Көлдө студенттердин окуу акысы өнүктүрүү фондунун эсебинен төлөнөт

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаты эми студенттердин контракттык окуу акысын төлөөгө жана кызматтык турак жайларды курууга жумшалат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 12-ноябрда кол койду.

Документке ылайык, фонддун каражатынын эсебинен контракттык негизде билим алган студенттердин окуу акысын төлөөгө уруксат берилди.

Бирок студенттер атайын келишимдин негизинде окуусун аяктагандан кийин Ысык-Көл облусунда кеминде беш жыл иштөөгө милдеттениши керек.

Мындан тышкары, фонддун каражатын кызматтык үйлөрдү жана батирлерди курууга же сатып алууга жумшоого болот.

Ошондой эле фонддун каржылоо тартибине өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан түшкөн 1%дык төлөм үч жумуш күндүн ичинде доллардан сомго которулуп, толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун эсебине түшөт.

Бул каражат облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталат.

Токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Тектеш материалды окуу